Ош: Дайынсыз жоголгон таксистин өлүмүнө шектелип 2 казак жараны жана бир кыргыз кармалды

Автор -
357

Оштогу таксисттин өлүмүнө Кара-Суу районунун жашоочусу менен 2 Казак жараны шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

13-майда Ошто таксист болуп иштеген 31 жаштагы тургун дайынсыз жоголгон. Эки күн мурун, 22-майда анын жансыз денеси Кара-Суу районунун Каратай айылынан алыс эмес жердеги ээн талаадан табылган. Кылмышкерлер маркум таксисттин денесин өрттөп салышкан.

ИИМдин 24-майда берген маалыматына караганда, иликтөө иштеринин жүрүшүндө таксисттин уюлдук телефону Жалал-Абад шаарындагы дүкөндөрдүн биринен табылган. Телефонду белгисиз адамдар дүкөндүн ээсине 2 миң сомго саткан. Ал эми милиция кызматкерлери аларды таксистке кол салган деп болжолдошкон.

Андан кийин, 14-майда маркумга таандык Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа Чүй облусунун аймагындагы посттон өткөнү аныкталган. Ал эми тергөө иштеринин жүрүшүндө таксистке кол салганга мурда соттолгон Кара-Суу районун тургуну менен Казакстандын 2 жаранынын тиешеси бар экени белгилүү болгон.

«Чек ара кызматкерлерине бул тууралуу тийиштүү маалыматтар берилип, алар кабардар болгон. Эгер алар өтсө дароо колго түшмөк. Чогулган далилдер боюнча кылмышкерлер таксистти өлтүрүп, анын машинасын алып кеткени белгилүү болгон. Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү издөө иштери улантылган. Ошол учурда кылмышкерлер унааны Токмок шаарында 1 миң 100 долларга сатып салганы белгилүү болгон. Алар сатып алган адамга, унааны кийинчерек анын атына каттатып берерин айтышкан», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматта белгиленгендей, жазадан кутулуу максатында казакстандыктар Токмоко жакын жерден чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткен. Үчүнчү шектүү 22-майда «Ак-Жол-унаа жол» көзөмөл өткөрүү бекетинен өтүп бара жаткан жерде кармалган.

Ал эми шектүүлөр колго түшкөнчө эле маркумдун жансыз денеси изделип баштаган. Болжолдуу маалымат боюнча, кылмышкерлер ага кол салып андан кийин ур токмокко алышкан. Кийин унаанын жүк салуучу бөлүгүнө салып ээн талаага алып барып өрттөп салышкан. Ошондой эле казакстандыктардын аты жөнү аныкталаганы айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча тергөө иштери улантылып жатат.