Казакстандагы жол кырсыгынан  кыргыз жараны каза болду

Автор -

«Казакстандын Ак-Төбө облусунда КР жарандары жол кырсыгына кабылды»,-деп бидирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Актөбө облусунун Айтеке Бий районунда 2018-жылдын 24-май күнү саат 05:30 чамасында Самара-Шымкент унаа жолунун 990-чакырымында «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү мамлекеттик № МО 045 Е унаасы оодарылып кеткен.

Унаанын ичинде Кыргыз Республикасынын 3 жараны болгон. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1987-жылы туулган К. Нажимадинов каза болуп, 2 адам жабыркаган (1993-ж.т. Жармат кызы А. жана 1964-ж.т.Хамракулова К.). Жабыркагандардын  абалы канааттандырарлык.

Учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан маркумдун жансыз денесин алып келүү иш-чаралары каралууда.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү