Бүгүн ЖКнын жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов эң коррупциялашкан 5 мамлекеттик мекемени атоону сурады.
«2017-жылы коррупцияга аралашкан 5 мамлекеттик мекеменин атын тизмелеп берсеӊиз. Коомчулукта, депуттарда билсин ким кандай иштеп жатканын»,-деди депутат.
Баш прокурор коррупцияга аралашкан 5 мамлекеттик мекеменин алгачкы сабында ИИМ, экинчиде Жол жана транспорт министрлиги, үчүнчүдө Экологиялык жана техникалык инспекция, Мамлекеттик курулуш агенттиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги да коррупциялашкан мекемелердин катарына кирерин айтты.
Ал эми аз мыйзам бузуулар Юстиция министрлигинде жана Экономика жана каржы министрлигинде аныкталган.
Бүгүн, 30-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 2017-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жатат.