Депутат: Мамэкотехинспекция жетимдерден «бирдеме» үмүт этип калганбы?

Автор -
361

Чүй облусундагы Искра жана Чүй айылдарында арап инвесторлору тарабынан жетимдер менен жесирлер үчүн курулган үйлөр бар. Тилекке каршы, Мамэкотехинспекция кумдуу блоктордон курулуптур деген шылтоо менен, ушул кезге чейин аларды пайдаланууга уруксат бербей жатат. Эмне, инспекторлор ошол жетим менен жесирлерден «бирдеме» үмүт этип жатышабы? Бул тууралуу депутат Урмат Самаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Ошол үйлөр курула баштаганда Мамэкотехинспекция кайда жүрдү эле? Айылда эмес, ордо калаада деле көптөгөн үйлөр пескоблоктон курулуп жатпайбы, аларга ошол эле мекеме уруксат берген да. Менимче, көндүм өнөкөтүнө салып, алар жетим-жесирлерден акча алгысы келип жатат. Азыр анда жашаган жарандарыбыз уруксат албагандыктан, электр энергиясын тарта албай, жарыгы жок отурушат. Өкмөт бул маселени тезинен чечип, тийиштүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карашы керек», — деди эл өкүлү.

 

Бөлүшүү