Момбеков: 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү эмес өлтүрүү жылына айланып баратат

Автор -

Бүгүн, 31-майда ЖКнын жалпы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн алып барып жаткан ишин сынга алды.

«Силердин программаӊар айыл жердеги интелегенттерди, жарыбаган акча алган адамдарды кыскартуу менен башталыптыр. Аймактарды өнүктүрүү эмес өлтүрүү жылына айлантып жатасыӊар. Бир министрдин жанында жан сакчы, жандоочу, айдоочу болуп 10 адам ээрчип жүрөт. Эмнеге ошолорду кыскартпайсыӊар? Алар компьютерден башка эч нерсе билишпейт да чоӊ суммадагы айлык акы алышат. Мына ошолорду кыскарткыла»,-деди Момбеков.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү