Калыӊ кардын кесепетинен жабыркаган фермерлер Өкмөттөн жардам күтүп жатышат

Автор -

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин  жыйынында 24-25-майда жааган карда мал чыгымдарына кабылган фермерлердин маселеси көтөрүлдү.

Депутат Данияр Аттокуров 24-25-май күндөрүндө Ысык-Көл облусунун сырт жайлоолорунда жааган карда малчылар чоң чыгымга учурап, миңдеген малдар кырылгандыгын маалымдады.

 «Фермерлер Өкмөттөн жардам күтүп жатышат. Менчик мал болсо дагы кандайдыр бир көмөк көрсөтүү керек. Алар дагы өлкөнүн айыл чарбасына, экономикасына өз салымдарын кошуп келишкен. Андыктан, Өкмөттүн тиешелүү министрликтерин чакырып, кандай жардам көрсөтө алат, угуп койсо»,- дейт эл өкүлү.

Депутат Чыныбай Турсунбеков дагы 24-25-майдагы жаратылыш кырсыгы тоолуу Нарын облусунун жайлоолорундагы мал жандыктарын каптап өткөндүгүн ортого салды. Анын айтымында, миңдеген мал чыгымга учураган. Алардын бир тобу мал жандыктарын насыяга акча алып, сатып алышкан экен. Айрымдарынын акыркы малдары экен.

«Мындай шартта аткаруу бийлиги кол кабыш кылбаса, анда алсыздыгын көрсөткөн болот»,- дейт Ч.Турсунбеков.

Белгилей кетсек, кардын кесепетинен чабандар 20 млн. сомдон ашык чыгым тарткан. 

 

Бөлүшүү