Ысык-Ата районунда эки унаа кагышып, бир адам каза болду

Автор -

2018-жылдын 31-май күнү саат 14:19да Бишкек- Нарын-Торугарт унаа жолунун 42-чакырымында эки мамлекетик унаа кагышып, айдоочу каза болду.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Форд-Фокс үлгүсүндөгү унаа менен AI Мерседенс- Бенц D-811 (Гигант) үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.

«Жол кырсыгынын кесепетинен Форд-Фокус унаасынын айдоочусу 1977-жылы туулган И.У.М. кырсык болгон жерде көз жумган, жүргүнчүсү 1985-жылы туулган А. Ш.С оор жаракат алган»,-деп айтылат маалыматта.

Тез жардам кызматкерлери каза болгон жана жабыркаган адамды Кант шаардык ооруканасына жеткиришкен.

Белгилей кетсек, кече, 30-майда Нарын облусунун Кочкор районунда эки унаа кагыша кетип, анын кесепетинен 3 адам каза таап, 6 адам жаракат алган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү