Бишкекте батирден 78 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Автор -

Бишкектин Биринчи Май районунан 78 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдирди.

«Кече, 3-июнь күнү саат 22:58де Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачып киришкен. Батирдин ичинде 1940-жылы туулган К.Н.И. (аял киши) аттуу жарандын жансыз денеси табылган»,-деп айтылат маалыматта.

Жансыз дене милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү