Жөнөкөй айдоочу күйүп жаткан электр зымын  өчүрдү (Видео)

Автор -
234

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын айдоочусу Бакыт Осмонканов өрт кырсыгынын алдын алды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя кече, 3-июнь күнү болжол менен саат 11:40та болгон. Арыктардагы түтүктөрдүн бүтөлүп калган жерлерин суунун басымы менен атып жүргөн Бакыт Осмонканов Москва-Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде электр зымынын күйүп жатканын көрөт.

«Башында ток тартып кетеби деп корктум. Бирок коркуп тура берсем өрт төмөн жагында турган дүкөндү каптаганы жатат. Анан эмнеси болсо дагы өчүрөйүн дедим»,-деп билдирди Бакыт Осмонканов.

Бөлүшүү