Чоң Чүй каналынан  11 жаштагы баланын сөөгү табылды

Автор -

Чоң Чүй каналынан 11 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруу иштерине 10 суучул жана 25 куткаруучу тартылган, издөө иштери эки күн жүргөн.

«Баланын сөөгү бүгүн, 4-июнда таңкы саат 08:35тер чамасында табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2-июнда Аламүдүн районундагы Чоң Чүй каналына 11 жаштагы бала чөгүп кеткен. Окуя тууралуу билдирүү 2-июнда келип түшүп, издөө иштери саат 16:29дан тарта башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланган.

Бөлүшүү