Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов кайрадан Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды.
Сурак саат 15:00дө башталган.
Белгилей кетсек, 18-майда Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча айып тагылган. 25-майда анын мүлкү камакка алынган. Кулматов буга чейин да УКМКга сурак берип чыккан.