2018-жылдын 8-июнь күнү болжол менен саат 14:15тен 14:35ке чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мөндүр аралаш катуу жаан жааган.
ӨКМ тараткан маалыматтар боюнча Ала-Бука районунун Ашла-Бука айыл аймагында катуу жааган мөндүр аралаш жаандан турак-үйлөр жана адамдар жабыркаган эмес.
Жерине барып тактоо иштерин жүргүзүү үчүн 2018-жылдын 8-июнь күнү саат 15:00дө Тогуз-Торо району боюнча ӨКМдин бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу улук лейтенант Д.Тайиралиев жетектеген ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетишкен.