Борбор калаада жөрмөлөгөн ымыркайлардын жарышы өтөт.
Уюштуруучулардын берген маалыматына ылайык, иш-чара 16-июнь күнү соода борборлордун биринде 15:00дө башталат.
«Мелдешке баса элек 7 айдан 9 айга чейинки бөбөктөр катышат. Алар үч мүнөттүн ичинде ар бир бөлүнгөн сызыктан 10 метр аралыкты жөрмөлөп өтүш керек. Наристеси марага биринчи келиш үчүн ата-энелер ар түрдүү ыкманы колдонсо болот», — деп жазылат маалыматта.
Эң күлүк ымыркайлар баалуу белектер менен сыйланат.
Белгилей кетсек, Ошто биринчи жолу 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата «Алгачкы ийгилигим» аттуу жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн чемпионаты өткөн.