Бишкекте жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн чемпионаты өтөт

Автор -

Борбор калаада жөрмөлөгөн ымыркайлардын жарышы өтөт.

Уюштуруучулардын берген маалыматына ылайык, иш-чара 16-июнь күнү соода борборлордун биринде 15:00дө башталат.

«Мелдешке  баса элек 7 айдан 9 айга чейинки бөбөктөр катышат. Алар үч мүнөттүн ичинде ар бир бөлүнгөн сызыктан 10 метр аралыкты жөрмөлөп өтүш керек. Наристеси марага биринчи келиш үчүн ата-энелер ар түрдүү ыкманы колдонсо болот», — деп жазылат маалыматта.

Эң күлүк ымыркайлар баалуу белектер менен сыйланат.

Белгилей кетсек, Ошто биринчи жолу 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата «Алгачкы ийгилигим» аттуу жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн чемпионаты өткөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү