Бүгүн, 8-июнда саат 11:15 чамасында эл ташыган поезд ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жеӊил унааны сүзүп, унаанын айдоочусу каза болду.
ӨКМдин билдирген маалыматына ылайык, Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында орун алган жол кырсыгынын кесепетинен ГАЗ-53 унаасынын айдоочусу жабыркаган.
«Кырсык болгон жерге ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу тартылган. Ал эми жабыркаган жаран жандандыруу бөлүмүндө каза болду»,-деп айтылат маалыматта.