Сания Шакирова кырсыкка кабылган унааны болочоктогу жолдошу башкарып бара жаткан

Автор -

«Дүйнөнүн сулуу айымы-2018» наамынын ээси Сания Шакирова каза болгон жол кырсыгында унааны айдоочу эмес, анын болочоктогу жолдошу башкарып бара жаткан.

Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 31 жаштагы Чыңгыз ошол каргашалуу окуя күнү унаасын досу менен алмашкан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

«Кече Бишкек шаардык №4 ооруканасынан Сания Шакирова кырсыкка кабылган унаанын айдоочусунун баш коргоо чарасы каралды. Анда, айдоочу эки айга камакка алынды. Бирок шектүүгө бүгүн операция жасалгандыктан Ысык-Көл ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына алынып кеткен жок. Андыктан ал дагы эки күндөн кийин абалына жараша алынып кетиши мүмкүнуруксатынан кийин камакка алынат», — деп кошумчалашты ведомстводон.

Соттук-химиялык экспертиза кырсык учурунда анын мас абалга болгондугун тастыктады.

Эске сала кетсек, 2-июнда Чок-Тал айылына кире бериште айдоочу унааны башкара албай, жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. Кырсыктан Сания Шакирова каза болгон. Экинчи жүргүнчү үч күн ооруканада жатып чыккан.

Маркумдун артында үч баласы калды.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү