Кырсык: Эл ташыган поезд жеӊил унааны сүзүп, айдоочу каза болду

Автор -

Бүгүн, 8-июнда саат 11:15 чамасында эл ташыган поезд ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жеӊил унааны сүзүп, унаанын айдоочусу каза болду.

ӨКМдин билдирген маалыматына ылайык,  Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында орун алган жол кырсыгынын кесепетинен ГАЗ-53 унаасынын айдоочусу жабыркаган.

«Кырсык болгон жерге ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу тартылган. Ал эми жабыркаган жаран жандандыруу бөлүмүндө каза болду»,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү