2018-жылдын 1нен 7-июнь күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери 22 836 жол кыймылынын эрежесин бузууларды аныкташкан.
Алардын ичинен:
-жол чыракка баш ийбөө – 726
— коопсуздук куру жок – 5577;
-мас абалында унаа башкаруу – 107
-алдыңкы, эки капталындагы айнектери караңгылатылган унааларды башкаруу – 81;
-жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу боюнча — 2941;
Атайын айып унаа токтотуучу жайына 776 унаа токтотулган.
Салынган айыптын болжолдуу суммасы — 12 445 200 сом.
Эскерте кетсек, буга чейин өлкөдө бир жума аралыгында 23 114 айдоочуга жалпы суммасы 11 миллион 444 миң 141 сом айып салынган.