Бүгүн, 12-июнда Бишкек шаардык сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралды.
Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматовго 5 миллион сом айып салуу боюнча райондук соттун өкүмү жокко чыгарылып, тергөөдөгү айрым такталбаган жагдайларды оңдо талабы менен иш кайра тергөөгө жөнөтүлдү.
Алмамбет Шыкмаматов 2 жыл Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн «Барат Люкс» ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген,- деп айыпталууда.