Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатат. Жыйында депутат Жанар Акаев тарабынан көрүстөн соодасын токтотуу талабы коюлду жана баасы өтө кымбаттыгы айтылды.
«Көрүстөндөрдү сатуу боюнча иликтөөлөр да жасалды. Чубак ажы да туура эмес иш деп какшап айтып жатат. Азыр баары талкуулоодо. Азыр иликтөө жасаган журналистти коркутуп жатышыптыр. Ушуну жолго салыңыздар», — деп айтты Акаев.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Бул маселе бардыгынан айтылып жатат. Албетте, көйгөйлөр бар. Сөзсүз чечебиз», — деп жооп кылды.