Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа кагышып, 2 адам жабыркады

Автор -

Москва районунун Беловодское айылында эки унаа кагышып 2 адам жабыркады.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 17-июнь күнү саат 14:17 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 45-чакырымында «Range Rover» жана мамлекеттик «Passat» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен «Passat» унаасынын айдоочусу 1953-жылы туулган Т.Т. жана «Range Rover» унаасынын айдоочусу 1970-жылы туулган Н.А. жаракат алышкан.

Жабыркагандар тез жардам кызматкерлери тарабынан Москва райондук ооруканасына жеткирилген.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү