Циндаодо өткөн Эл аралык кинофестивалда Акылбек Абдыкалыков эӊ мыкты эркек оюнчу сыйлыгына ээ болду.
Кыргыз эл артисти Акылбек Абдыкалыков режиссер Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмасында башкы каарманды ойногон.
Кытайдын Циндао шаарында 13июндан 18-июнга чейин Шанхай кызматташтык уюмдарынын катышуусундагы Э аралык кинофестиваль болуп өттү. Ага 8 өлкөнүн мыкты аталган тасмалары катышкан. Кинофестивалдын алкагында Кыргызстандын 5 толукметраждуу тасмасы көрсөтүлүп, ал эми режиссер Эрнест Абдыжапаров калыстар тобунда мүчө болгон.
Фильмде жалгыз бой, учурда сүйүүнү башынан өткөрүп жаткан карыя тууралуу баяндалат. Ал кызга ашык болуп калат. Тасманын жүрүшү дал ушул сезимди ачып берүүгө арналган.
Белгилей кетсек, тасма Таллин шаарында өткөн эл аралык «Темные ночи» кинофестивалында баш байге катары 10 миң евро алган.