Нарын облусунда жол кырсыгынан 8 адам жаракат алып, 1 адам каза болду

Автор -
465

Нарында жол кырсыгынан 8 адам жаракат алып, 1 адам каза болду.

Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, окуя  кечээ, 18-июнь күнү 00:15 чамасында Миң-Булак жана Өрнөк айылдарынын жолунда Москвич үлгүсүндөгү унаа менен Volkswagen Jetta унаасы сүзүшкөн.

Маалыматка ылайык, Москвич үлгүсүндөгү унаанын ичинде айдоочу жана аны аялы болгон. Ал эми Volkswagen Jetta унаасында 3 бала жана 4 киши бара жатышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен Москвич үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү каза болуп, калган жарандар ар кандай жаракаттарды алышкан. Жабыркагандар  ооруканага жеткирилген.

Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Кырсыктан жабыркагандар:

С.М.1964-жылы туулган;

Б.К. 1969-жылы туулган (айдоочунун аялы окуя болгон жерден каза болгон);

М.Б. 1983-жылы туулган;

Ы.Н. 1986-жылы туулган;

Б.Б. 1983-жылы туулган;

А.Э. 1973-жылы туулган;

Т.Б. 2013-жылы туулган;

Т.Н. 2013-жылы туулган;

Т.Ж. 2006-жылы туулган.