«Ак Шумкар» партиясынын лидери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде экинчи ирет сурак берүүгө чакырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, мурдагы премьер-министр УКМКга бүгүн саат 17:00гө чакыртылган.
Темир Сариев “Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо” долбоору боюнча күбө катары сурак берет.