Кашкар Жунушалиев Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды барып көрдү

Автор -
453

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен 2018-жылдын 16-июнунда Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды барып көрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Баарлашуунун жүрүшүндө Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев окуяга байланыштуу терең өкүнүү билдирди.

«Сиздерге тез арада сакайып чыгууну каалап, өзүңүздөр үчүн ыңгайлуу убакытта Кыргыз Республикасына келип эс алып кетүүгө чакырабыз. Дүйнөдөгү бийик тоолуу көлдөрдүн бири – Ысык-Көлдө сиздер эс алып гана эмес, күч-кубат топтоп, жаңы досторду табасыздар деп ишенем», — деди ал.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Россия Федерациясына жумушчу сапарынын алкагында жабыркаган жарандарды барып көрүп, аларды Кыргыз Республикасына эс алууга жана реабилитациядан өтүүгө чакырууну милдеттендирген.

Белгилей кетсек, кыргызстандык Чынгыз Анарбек уулу 16-июнда Москвада автоунаасын башкара албай, жол четинде турган бир нече адамды сүзүп кеткен. Буга байланыштуу Москва шаарынын полициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө баштаган. Кырсыктан жети киши жабыркап, алардын абалы оор эместиги айтылган.

28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу алгачкы суракта адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басмакчы болуп газды басып алганын айткан. Ал ошондой эле спирттик ичимдик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдирген.

Ал 19- июнда Орусиянын баш калаасынын Таган райондук соту кабыл алган  чечимге ылайык эки айга камакка алынган. 

Бөлүшүү