Баткен районунда селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улантылууда (сүрөт)

Автор -

Бүгүнкү күндө Баткен районунун Төрт-Гул айыл аймагынынАк -Өтөк айылында сел өтүүчү арыктын 50 метр аралыгы сел калдыктарынан тазаланып, Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылында 1 сел тосмо, Ак-Татыр айыл аймагынын Ак-Татыр айылында 1 даана көпүрө калбына келтирилди.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей,  1 дүкөндүн жер төлөөсү, 300 метр ички арыктар, 11 турак үйдүн короолору, 1100 метр ички чарбалык арыктар сел сууларынан тазаланды. Ак–Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылында жана Керме Тоо тилкелеринде 1300 метр ички жол, 2 турак үйдүн ичи, 6 турак үйдүн короолору сел калдыктарынан тазаланып, 120 метр сел тосмо калыбына келтирилди. Ал эми Кара–Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылында  селден жабыркагандарга Кызыл Жарым Ай коому тарабынан 2 даана 5 орундуу чатыр берилди.

Учурда район боюнча 28 турак үйдүн жер тилкелерин, 206 га үлүш жана эгин  талааларын тазалап, 45 латок, 2 сел тосмону, 38 метр темир түтүктү калыбына келтирүү жумуштары калды. Селдин кесепеттерин жоюу иштери 22-июнь күнү улантылат.

Эске сала кетсек, Баткен районунда 2018-жылдын 15-20-июнь күндөрү катуу жааган жаандын кесепетинен Баткен шаары жана Ак-Сай,Самаркандек, Кара-Бак, Төрт-Гүл, Дара, Ак-Татыр айыл аймактарында сел жүрүп, жалпы район боюнча  44 турак үйдүн ичине, 107 турак үйдүн жер тилкелерине, 92 чарбалык курулуштарына жана 1 дүкөнгө сел суулары кирип, 6,36 чакырым ички чарбалык жолду, 8,35 чакырым арыктарын сел суулары каптаган. Андан сырткары 207 га үлүш жана эгин  талааларды суу каптап, 12 даана электр мамычасын агызып, 4 көпүрөнү, 1,6 чакырым ички канал, 49 лоток, 38м темир түтүк, 3 сел тосмосу жараксыз абалга келген. Ошол күндөн бери селдин кесепеттерин жоюу иштери аткарылууда.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга 2018-жылдын 21-июн күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана айыл аймактардан 7 жүктөгүч, 1 экскаватор, 1 самосвал тартылган.

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн — облустук Жарандык коргонуу жетекчисинин 2018-жылдын 15-июнундагы №01-12/181 буйругунун негизинде Баткен облусунун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.

Бөлүшүү