Бишкек-Ош жолунда 3 унаа кагылышып, айдоочу жаракат алды

Автор -

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кечээ, 21-июнда болжол менен саат 18:12лер чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 389-чакырымында “Лексус-330” унаасы “Форд фокус” жана токтоп турган “Фольксваген-Пассат” үлгүсүндөгү унаалар менен калыгышкан.

Окуя болгон жерге куткаруучулар келип, кырсыктан жабыркаган “Форд Фокус” унаасынын айдоочусу 1956-жылы туулган А.М. жардам көрсөтүшкөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү