Аламүдүн районунда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагылышып, бир адам каза болду

Автор -

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 6-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 25-июнда болжол менен саат 14:30да катталган. Оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагылышкан. Кырсыктын натыйжасында жеринде 1 адам каза болуп, 3ө жаракат алган. Учурда алардын өздүгү такталууда”, — деп кабарлашты ӨКМден.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү