Баткен облусунда 1 кг жакын героин сактап жүргөн депутат кармалды (Фото)

Баткен облусунун Исфана шаарында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, шаардык кеңештин депутаты кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда тиешелүү кызматтар депутаттын жашаган жерин тинтүүгө алганда, көмүр сактаган жайдан 960 грамм баңгизаты табылган. Алдын-ала божомолго караганда, ал-героин.

1963-жылкы жаран шаардык кеңештин депутаты болуп туруп, ИИМде маңзатын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча каттоодо турган.

Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси менен кылмыш иши козголду.