Кара-Көл шаарындагы жол кырсыгынан 10 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 25-июнь күнү саат 20:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Сары-Булак тилкесинде Фольксваген Пассат менен Мазда 626 үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
«Кырсыктын кесепетинен 10 адам жабыркаган. Куткаруучулар жерине жеткенге чейин жабыркагандар жолдо бара жаткан айдоочулар тарабынан Кара- Көл шаардык ооруканасына жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.