Коомдук унаада уурулук кылган жаран кармалды

Автор -

Милиция кызматкерлери Бишкекте коомдук унааларда уурулук кылган жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын аягында милиция кызматкерине калаа тургуну кайрылып, коомдук унаалардын биринен уюлдук телефонун уурдаткандыгын билдирген.

«Кармалган 32 жаштагы кылышка шектүү адам мурда “Уурдоо” жана “Тоноо” беренелери боюнча соттолгон жана ИИМдин каттоосунда турат»,-деп айтылат маалыматта.

Күн мурун кылмышка шектүү жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү амалдары жүрүүдө.

Бөлүшүү