Өзбекстан терроризмге шектелип кармалган АКШ жаранын бошотту

Автор -

Өзбек бийлиги «Өзбекстан ислам кыймылы» террордук уюмунун иш-аракеттерине катышкан деген шек менен кармалган АКШ жараны Закир Алиевди бошотту.

Закир Алиев 22-июнда өлкөдөн чыкпоо тилкаты менен бошотулганын Борбор Азия жаңылыктар кызматына билдирди.

18-июнда Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы Алиев терроризмге шектелип кармалганын кабарлаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал 2000-жылы «Өзбекстан ислам кыймылынын» катарына кошулуп, ооган исламчылары тарапта Ооганстандын жана НАТО жетектеген коалициянын күчтөрүнө каршы согушкан.

46 жаштагы Закир Алиев көптөгөн жылдардан бери Өзбекстанда калган туугандары менен көрүшө элек болчу. Шавкат Мирзиёев 1991-жылдан кийин чет өлкөлөргө кеткен өзбекстандыктарга кайрылгандан соң, ал туугандары менен көрүшүү үчүн мекенине келүүнү чечкен.

25 жыл мурда Өзбекстандан чыгып кеткен Закир Алиев АКШда салык жана каржы кызматтарын көрсөткөн жеке компанияда иштейт.

«Өзбекстан ислам кыймылы» ишмердүүлүгүнө Өзбекстан, АКШ, Улуу Британия, Австралия, Канада жана Орусия өңдүү бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм болуп эсептелет.

Бөлүшүү