Өзүн өзү өлтүргүсү келген аял эки баласын аркан менен таңып, каналга боюн таштады

Автор -
327

Анжиян облусунун Жалакудук районунун жашоочусу өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасады. Аял эки баласын өзүнө аркан менен таңып, Шахрихансай каналына боюн таштаган.

Окуя 25-июнда болгон. Күбөлөлөр аялды сактап калышты, бирок 7 жаштагы кыз менен 3 жаштагы баланы куткаруу мумкүн болгон жок.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кабарлагандай, 27 жаштагы аялга карата кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.