Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны болуп өтүүдө. Анда президент Сооронбай Жээнбеков улуу трибунада сөз сүйлөөдө.
Президент өз кайрылуусунда өлкөнүн өнүгүшү ар бир жарандын колунда экенин белгиледи.
«Учурда адилеттүү бийликти, ынтымактуу коомду түзө турган тарыхый мүмкүнчүлүк жаралды. Биз ушул шартты колдон чыгарбай, өлкөнү өнүктүрүү максатына жетишибиз керек. Коррупциядан арылган — бийлик, адилеттүү — сот, өнүккөн — аймак, таза — шайлоо, ынтымактуу — коом, дени сак- улут, сапаттуу — билим, күчтүү — рух, бакубат — Кыргыз мамлекети. Бул ар бирибиздин турмуштук миссиябыз, асыл максатыбыз», — деди Жээнбеков.