Кол алдындагыларды кемсинткен чиновник иштен алынды

Автор -

Наманган облусундагы Уйчи районунун Мажбурлап аткартуу бюросунун башчысы Шерали Мамаризаев кол алдындагыларды кемсинткендиги үчүн жумуштан алынды.

Ал кызматкерлерди «келемиш, айбан жана салпаяк» деген жаман сөздөр менен урушуп, дайыма кемсинте тургандыгы жөнүндөгү макала «Азаттыктын» өзбек кызматынын сайтына өткөн жумада жарыяланган. Басылмага бюронун кызматкерлери Мамаризаевдин сүйлөгөндөрү жазылган аудиофайлдарды жөнөтүшкөн. Бирок алар жетекчисинин өч алуусунан коркушуп, аты-жөндөрүн айтышкан эмес.

Кызматкерлер бул боюнча февралда президент Шавкат Мирзиёевдин виртуалдык кабылдамасына расмий даттанышканын билдиришти.

Аталган райондун Мажбурлап аткартуу бюросунун өкүлү макала жарыялангандан кийин жергиликтүү аксакалдар келип, Шерали Мамаризаевден кемсинтүүлөрүнүн себебин түшүндүрүп берүүсүн талап кылышканын айтты.

«Бир-эки аксакал аны таяк уруп дагы жиберишти. Мамаризаев алардан качып кетти. Ал бир канча күн жумушка келбей, анын милдеттерин орун басары аткарып жүрдү. Өткөн жумада бизге жаңы жетекчи дайындалды. Андан бери Мамаризаев тууралуу эч кандай маалымат жок. Ал иштен алынгандан кийин жамааттагы атмосфера жакшы жагына өзгөрдү», — деди ал.

Бөлүшүү