Бүгүн, 3-июль күнү эртең мененки саат 08:00 чамасында жаандын кесепетинен Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 63-64 чакырымдарында тоо боорунан шагыл аралаш таш түшкөн.
ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Тогуз-Торо районунун Жарандык коргонуу башчысынын буйругунун негизинде унаа жолу жабылган.
Учурда ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы жерине чыгып кеткен.
Кошумча маалымат берилет.