Бишкекте милиция кызматкерлери менен чет элдик үч жарандын ортосунда жаңжал чыкты

Автор -
229

Бишкек шаарында Аалы Токомбаев жана Нуркамал көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерлери менен чет элдик үч жарандын ортосунда жаңжал чыккан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-июль күнү кечки саат 20:20лар чамасында кайгуул күзөт кызматкерлери жол эрежесин бузган чет элдик жөө жүрүүчүлөрдүн документтерин текшерүүгө алышкан. Текшерүү учурунда бирөөсүнүн документи жок болуп чыккан. Милиция кызматкерлери анын өздүгүн тактоо үчүн милиция бөлүмүнө барууну өтүнгөндө жол эрежесин бузган чет элдик жарандар баш тарткандыктан улам алардын ортосунда пикир келишпестиктер пайда болгон.

Кармалган жарандардын экөө — Нигериянын, бири — Түштүк Африка Республикасынын жараны экени белгилүү болду. Алардын өздүгү такталып, үйүнө коё берилген.

Учурда чет элдик жарандардын жана милиция кызматкерлеринин мыйзам бузгандыгы же бузбагандыгы иликтенүүдө.