Милиция бөлүмүндө уурулукка шектелген аялдарды жылаңач чечинтип кемсинтишкен видео тарады (Видео)

Автор -
272

Өзбекстандын Самарканд облусундагы Каттакурган шаардык милиция бөлүмүндө жергиликтүү базарда акча уурдоого шектелип кармалган эки аялды жылаңач чечинтип, кемсинтишкен.

Укук коргоо органдарынын мындай мыйзамыз аракеттери тартылган видеожазуу «Азаттыктын» өзбек кызматынын редакциясына 4-июлда келип түшкөн.

Анда кадр сыртындагы эркектин мажбурлоосу менен 35 жаштардагы келиндин чечинип жатканын көрүүгө болот.

Ошол маалда кадр сыртында кармалган дагы бир аялды чечинүүгө мажбурлап, ага кол көтөрүп, кемсинтип жаткан экинчи эркектин үнүн угууга болот.

«Азаттыктын» редакциясына бул видеону жөнөткөн укук коргоо органынын кызматкеринин айтымында, бул окуя 3-июнда Самарканд облусундагы Каттакурган шаардык милиция бөлүмүндө болгон. Ал эми аялдарды чечинүүгө мажбурлап жаткан кадр сыртындагы адам шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Санат Умаров болгон.

«3-июнда тергөөчү Санат Умаров баштаган топ милиция бөлүмүнө базарда акча уурдоого шектелип кармалган эки аялды алып келишкен. Андан соң аларды жылаңач чечиндирип, уурдалган акчаны издешкен. Бирок эч нерсе табылбагандан кийин, аялдардын кармалгандыгы тууралуу эч кандай кагаздарды толтурбастан эле аларды коё беришкен»,- деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген милиция кызматкери.

Анын айтымында, видеону тергөөчүлөрдүн өзүлөрү тартышкан. Андан соң аны милиция кызматкерлеринин арасына жайылтышкан кеткен.

Телефон аркылуу берген интервьюсунда тергөөчү Санат Умаров аялдарды чечинтип, аларды кемсинткенин четке каккан жок.

«Мен алардан кечирим сурадым. Бул факты боюнча Самарканд облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Прокуратурага аялдардын өзүлөрү даттанышкан. Иш каралгандан кийин сотко жөнөтүлөт», – деди Умаров.

Ал тергөө иштери жүрүп жатканына карабастан, аталган бөлүмдөгү ишин улантып жатканын кошумчалады.

Бөлүшүү