Симон Миньоле издеп жаткан кыргызстандык күйөрман табылды (Фото)

Автор -
203

Бельгиянын футбол боюнча курамасынын дарбазачысы Симон Миньоле издеп жаткан күйөрман табылды.  Ал кыргызстандык Арсен Алтыбаев болуп чыкты.

Арсен Алтыбаев Ростов шаарында Бельгия менен Япониянын курамаларынын ортосунда 1/8 финалынын оюнун көрүүгө барат. Бул оюнга англиялык «Ливерпуль» клубунун формасын кийип, Кыргызстандын желегин жамынган футбол күйөрманы «Миньоле сенин футболкаңды алсам болобу?» деген жазуусу бар кагаз көтөрүп алган.

Оюндан кийин Миньоле күйөрманды Twitter аркылуу издөөнү чечкен.

«Мага сиздердин жардам керек. Бул жигитти таба аласыздарбы?», — деп жазган футболчу.

Бул билдирүүнү Арсендин эжеси көрүп калып, инисине кабарлаган. Азырынча Арсен Бельгиянын футбол боюнча курамасынын дарбазачысы Симон Миньоленин футболкасын ала элек.

https://www.instagram.com/p/BjyJUiXBXdk/?taken-by=asianhustle4

https://www.instagram.com/p/Bkv8rYchB2E/?taken-by=asianhustle4