Арсен Алтыбаев instagram баракчасына Бельгия курама командасынын дарбазачысы Симон Миньоле менен түшкөн сүрөттүн жарыялады.
Арсен Алтыбаев менен Симон Миньоле Казань шаарында жолугушкан. Алар футболкалары менен алмашып, андан соӊ чогу түшкөн сүрөтүн социалдык тармактарга жарыялашкан.
Дарбазачы Миньоле да өз пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
«Силердин жардамыңар менен биз аны таптык. Ал жигиттин аты — Арсен. Ал Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга саякаттап келген. Ооба, ал менин футболкама ээ болду. Ушул үчүн мен социалдык тармактарды жакшы көрөм»,- деген билдирүү калтырган.
Twitter, we found him. Meet Arsen. Travelled from Kyrgyzstan to Russia. And yes, he got my shirt. How I love social media❤ thanks all!!! #YNWA #Worldcup pic.twitter.com/CbLcmasuYq
— Simon Mignolet (@SMignolet) July 5, 2018
Буга чейин Арсен Бельгия — Япония беттешинде Ливерпуль клубунун формасын кийип, Миньоленин футболкасын сураган жазууну көтөрүп турган. Кийин дарбазачы социалдык тармак аркылуу ал балага издөө жарыялаган. Ал кыргыз жигити — Арсен Алтыбаев экени белгилүү болгон.