Евробиримдик кеңеши Орусияга каршы экономикалык санкцияларды узартты

Автор -
202

Европа биримдигинин кеңеши Орусия экономикасынын конкреттүү тармактарына киргизилген санкцияларды 2019-жылдын 31-январына чейин узартты.

ЕБдин бул боюнча билдирүүсүндө айтылгандай, кеңештин 28-29-июнь күндөрү өткөн жыйынында Минск келишиминин аткарылышы талкууланган. Анда Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркель санкциялар узартылышы керек деген чечимге келип, аны кеңеш бир добуштан колдоду.

Чектөөлөр Орусия экономикасынын каржы, энергетика жана коргонуу тармактарына, ошондой эле эки багыттуу (кадимки жашоодо дагы, массалык жок кылуу куралы катары дагы пайдаланылчу) товарларга багытталган.

Санкциялар алгач 2014-жылы 31-июлда Москва Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы куралдуу тирешүүдө жикчилерди колдой баштагандан кийин киргизилген. Андан бери чектөөлөр алты ай сайын улам жаңы мөөнөткө узартылып келет.