Бишкек-Ош жолунда 3 унаа кагылышты

Автор -

Бишкек-Ош унаа жолунун 359-чакырымындагы Көк-Бел ашуусунда үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигини маалыматына ылайык, кырсык бүгүн, 9-июлда болжол менен саат 05:30дар чамасында катталган. Куткаруучулар кырсык болгон жерге барып, унааларды жолдун четине чыгарууга көмөк көрсөтүшкөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

 

Бөлүшүү