Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы кырсыкка учурап, төрт адам жабыркады

Автор -

Бүгүн, 9-июлда Түштүк Эңилчек аянтындагы куткаруу иш-чараларынын учурунда КР Абадан коргонуу күчтөрүнүн Ми-8 МТВ тик учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.

Куралдуу күчтөрдүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, тик учак конуп жатып, сол жагына кыйшайып калган. Окуя капталдан соккон күчтүү шамалдан улам болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, 4 адам жабыркады. Аларды эвакуациялоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө

 

Бөлүшүү