Москва шаардык соту Чыӊгыз Анарбек уулунун камакка алынышын мыйзамдуу деп тапты

Автор -

Москва шаардык соту унаасы менен жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен таксист Чыңгыз Анарбек уулунун камакка алынышын мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары  жазып чыгышты.

Жактоочу Павел Березин Кыргыз Республикасынын элчилигинин катын окуп, соттун чечимин жокко чыгарууну суранган. Ошону менен бирге Чыӊгыз Анарбек уулун үй камагына чыгарууга уруксат берүүсүн кошумчалаган. Ал эми прокурор биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырууну суранып, аны мыйзамдуу жана негиздүү деп атаган. Жыйынтыгында сот мурунку чечимди мыйзамдуу деп тапкан.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Анарбек уулу 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде такси айдап баратып тротуардагы жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен. Кырсыктан 8 киши жаракат алган. Айдоочу качканга аракет кылып, бирок полиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-июнда Таган райондук соту шектүү катары кармалган кыргыз жаранын 2 айга камакка алган.

Ч.Анарбек уулу кырсыктын алдында 20 сааттай рулда отурганын айтып, окуя болгон жерден качканга аракет кылуусун жоопкерчиликтен корккондугу менен түшүндүргөн.

Ал эми Өкмөт башчы Москвада жол кырсыгынан жабыркагандарды реабилитациядан өтүүгө КРге чакырган. 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү