Токтогул районунда унаа оодарылып, айдоочунун аялы менен 9 жаштагы бала каза болду (Фото)

Автор -
225

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Lexus RX400 атвоунаасын айдап бараткан 64 жаштагы айдоочу рулду башкара албай, жолдон чыгып ала салып кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 10-июлда саат 15:40тар чамасында катталган. Жол тандабастын ичинде эки кичинекей бала жана үч чоң киши болгон.

Кырсыктын кесепетинен 1958-жылы туулган С.Г. (айдоочунун аялы) оор абалда ооруканага жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон. Ал эми Бишкек шаарынын 1985-жылы туулган тургуну Б.Т. жана анын 2007-жылы туулган кызы М.З. ооруканага түшкөн. Анын 9 жаштагы уулу окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.

Бөлүшүү