Түйүлдүктүн жынысын билүү үчүн элдик ырымдар — пайдалуу кеӊеш

Автор -
21986

Боюна бүтөр менен ар бир эне түйүлдүгүнүн жынысын билүүгө ашыгат. Азыркы учурда УЗИ аппаратынын жардамы менен эркек же кыз экендигин биле алышат. Бирок мурунку заманда апаларыбыз ал аппаратка түшпөй эле, өз алдынча да биле алышкан. Алар колдонгон ырымдар чындыкпы же ишенимби? Айрымдарына токтолуп көрөлү.

«Эгер аял кош бойлуу кезде көп чыйрыкса кыз, ысыкты көп сезсе уул төрөйт»

Боюнда бар кезде аялдын организминдеги терморегуляциянын алмашышы зат алмашуунун өзгөрүшүнө байланыштуу. Баланын активдүү өсүшү, эненин салмак кошушу жана кан айлануунун тездешинен улам аял ысып, тердейт. Абдан тердегенден улам дене муздап, кээде чыйрыгат. Демек, бул баланын кыз же эркек экендигинен көз каранды эмес.

«Токсикоз эрте башталса кыз, кеч башталса уул төрөлөт

Бул аныктама боюнча азырга чейин бир топ талаш-тартыштар жүрүүдө. Кош бойлуулуктун биринчи үч айлыгындагы токсикоз дарыгерлер тарабынан азыркыга чейин так аныктала элек. Айрымдар бул эненин жаш курагынан көз каранды деп эсептешсе, кээ бирөөлөр психологиялык абалына байланыштырышат. Дагы башка бирөөлөр түйүлдүктүн жынысынан көз каранды деп түшүндүрүшөт.

«Эгер аял туздуу, кычкыл тамак жегиси келсе уул, таттуу жегиси келсе кыз төрөйт»

Бул ырымдын түйүлдүктүн  жынысына тиешеси жок экендигин медицина адистери айтып келишет. Эненин кайсы бир азыкты самашы организм талап кылган керектөө болуп саналат. Өзгөчө кан басымы төмөн аялдар туздуу жегиси келет. Анткени туз организмде сууну кармап турат жана кан басымды көтөрөт. Анемияга кабылган же арык аялдар этти, кычкыл тамактарды, кызыл жана жашыл түстүү жашылчаларды жегиси келет. Муну менен организм жетишсиз заттар менен өзүн-өзү камсыздайт. Ал эми акыл-эс жактан көп чарчагандар боюнда бар кезде таттууну көп эӊсешет. Демек, баланын жынысы эненин эмне жегиси келгенинен көз каранды деген түшүнүктү адистер четке кагышат.

«Эркек бала көтөргөн аял көп жейт, кыз болсо аз жейт»

Муну аныктоо үчүн италиялык окумуштуулар он миӊ аялга изилдөө жүргүзүшкөн. Алардын жарымы кош бойлуу кезде калгандарына караганда 8 пайыз көп белок, 9 пайыз көп углевод, 11 пайыз көп сут азыктарын жана 15 пайыз көп өсүмдүк майын колдонушкан. Жыйынтыгында калориялуу тамак-аштарды көп жеген аялдардын көпчүлүгү эркек, аз колдонгондордун көпчүлүгү кыз төрөшкөндүгүн байкашкан.

«Аялдын курсагынын формасы учтуу болсо уул, тегерек болсо кыз төрөйт»

Физиологиялык жана медициналык көз караш менен алып караганда, бул ырым чындыкка дал келбейт. Анткени курсактын формасы менен өлчөмү аялдын дене түзүлүшү, жамбашынын өлчөмү, кош бойлуулуктун мөөнөтү жана баланын жатында жайгашышына жараша өзгөрөт. Эгер бала туурасынан жатса курсактын формасы тегерек,узунунан жатканда учтуу көрүнөт. Эркек балдар кыздарга караганда чоӊ төрөлгөндүктөн курсак көлөмдүү болот деген да түшүнүк бар. Бирок дайым эле андай боло бербейт.

«Эркек менен аял жыныстык катнашта көп болсо эркек, аз болсо кыз төрөлөт»

Бул түшүнүктү медицина адистери төмөнкүчө түшүндүрүшөт: узак убакыт жыныстык катнашта болбогондо эркектин гормоналдык системасы кайрадан курулат жана У-хромосомасы көп иштелип чыгат. Бул хромосома кыздын төрөлүшүнө жооп берет.

«Эркек балдар курсакта кезде көп кыймылдайт»

Түйүлдүктүн  курсакта активдүү кыймылдашы анын сөөктөрүнүн толук өсүп жетилгендигинен,кан айлануунун бузулушунан же балага кычкылтектин жана азыктандыруучу заттардын жетишсиздигинен кабар берет. Ошондой эле эне толкунданганда, чарчаганда, узак убакыт бир абалда отурганда, же кайсы бир оору менен ооруганда бала көп кыймылдай баштайт. Муну менен бала кан айланууну тездетүүгө жана кычкылтектин өзүнө берилишин калыбына келтирүүгө аракет кылат. Эгер кычкылтектин жетишсиздиги же курсак ичиндеги гипоксия узак убакытка чейин созулса, тескерисинче, бала активдүүлүгүн жоготот да, алсыз боло баштайт. Ошондуктан түйүлдүктүн  көп же аз кыймылдашы жыныстык өзгөчөлүктү билдирбейт, дарыгерге кайрылуу керек деген белги берет.

«Кош бойлуу кезде аялдын эмчеги анча өзгөрбөсө эркек, өзгөрүүгө көп учураса кыз төрөлөт»

Эмчектин өзгөрүшү кош бойлуулуктагы гормондор менен жана кандагы эстрогендердин санына байланыштуу. Эркек көтөргөн убакта канга тестостерон, а кыз көтөргөн убакта эстроген көп барат. Муну эмчектин сырткы көрүнүшүнүн өзгөрүшүнөн билсе болот.

«Аялдын сырткы келбети бузулса кыз, бузулбаса эркек төрөлөт»

Эл ичинде «кош бойлуу кезде аялдын сулуулугу сакталса уул төрөйт. Ал эми бетине так түшсө, демек, түйүлдүк кыз экенинен кабар берет. Анткени кыз эненин сулуулугун тартып алат» деген сөз бар. Муну кээ бир адистер четке кагышса, башкалары туура деп эсептешет. Себеби аялдагы гормондордун көпчүлүк бөлүгү кош бойлуу кезде кызга өтүп кетет жана энеде гормондордун деӊгээли төмөндөп, натыйжада сырткы келбети бузуларын айтып келишет.

«Түйүлдүктүн кыз же эркек болушу стресстен көз каранды»

Эненин кош бойлуу кезде же кош бойлуулукту пландап жаткан учурда көп стресс болушунун натыйжасында көбүнчө кыз төрөлөт. Анткени эненин психикалык жаракат алышы гормоналдык баланстын өзгөрүшүнө, бел суунун азайышына, жадагалса эркектик эмбриондордун өлүшүнө алып келет.

«Түйүлдүктүн жынысы ата-энесинин жаш курагынан көз каранды»

Окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда, эркек аялдан улуу болсо көпчүлүк учурда уул, тескерисинче, аял эркектен улуу болсо кыз төрөлөт. Бирок бул мыйзам ченемдүүлүк тун балага гана тиешелүү. Эгер күйөөсү аялынан 5 жашка улуу болсо биринчи баласы уул, ал эми аялы күйөөсүнөн 1-9 жаш улуу болсо, биринчиси көбүнчө кыз төрөлөрүн статистикалык маалыматтар тастыктайт.

Булак: «Леди.kg» гезити. 18-июнь, 2019-жыл.

Бөлүшүү