Албек Ибраимов Бишкек шаарынын тургундарына видеокайрылуу жасады (Видео)

Автор -

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов интернетке жарыялаган өзүнүн видеокайрылуусунда шаардык кеңештин ага ишеним көрсөтпөө боюнча кабыл алган чечимин саясий буюртма деп атады.

Шаардык кеңештин депутаттары бүгүн, 13-июлда кезексиз жыйынга чогулуп, добуш берүү аркылуу шаар башчысына ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышты. Жалпы 40 депутат катышса, баары «макул» деп добуш беришти.