Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту (фото)

Автор -
231

Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү жатаканадан батирлүү болушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдар үйүндө тарбияланган Бекжан Үмөталиев экинчи топтогу майып. Ал бүгүнкү күнгө чейин батирде жашап келген. Ал эми экинчи бүтүрүүчү Азиза Караева учурда 2 баланы жалгыз тарбиялап келет жана эч жерде иштебейт. Караева  үч жылдан бери муниципалдык мүлктө турак алуу үчүн кезекте турган.

Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Тынаев эки бүтүрүүчүгө Фучик көчөсүндө жайгашкан жатаканадан бөлмөнүн ачкычын тапшырды.

Учурда дагы 33 жаран кезекте турат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү