Түрмөдөн чыккан өзбек журналисти 18 жылдан кийин АКШдагы балдарына жолукту (видео)

Автор -

Бир жыл мурун түрмөдөн чыккан өзбек журналисти жана “Эрк” оппозициялык партиясынын башкы редактору Мухаммед Бекжан дээрлик 19 жылдан кийин үй-бүлөсү менен АКШда жолукту.

16-июлда Сиэтл шаарындагы аэропортто аны кыздары жана неберелери тосуп алышты. Алар атасын 1999-жылдан бери көрүшкөн эмес.

Саясий туткун катары сыпатталган 64 жаштагы журналист түрмөдөн 2017-жылы февралда чыккан. Өзбекстан бийлиги кийинчерээк ага чет өлкөгө чыгуу үчүн виза берген. Бекжан Кошмо Штаттардан баш паанек сурабай турганын, үй-бүлөсүн көрүү үчүн убактылуу гана барып келерин билдирген.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму Бекжанды “дүйнөдөгү эң узак мөөөнөткө түрмөдө отурган журналист” деп тааныган.

Бекжан – оппозициялык «Эрк» гезитинин мурдагы редактору жана экс-президент Каримовдун башкы оппоненти Мухаммад Салихтин иниси.

1999-жылы мартта Киевде мыйзамсыз кармалып, Ташкентке жеткирилген. Өзбекстанда ага «ошол жылдын февраль айында Ташкентте болгон жардырууларды уюштурган» деген айып тагылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.

Cотто Бекжан ага коюлган айыптарды толугу менен четке кагып, ал эми тергөө маалында кыйноого кабылганын айткан.

Бөлүшүү