Бишкекте 5-кабаттан кулаган кыз өзүнүн өмүрүн кыюуга аракет кылган

Автор -

Бишкекте Токтогул көчөсүндөгү №250 үйдүн бешинчи кабатынан 28 жаштагы кыз кулап кетти. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал үйдүн эшигинин калкалагычына түшкөн. Кырсык болгон батирде кече өткөн. Кыз мас абалында болгон.

Кырсыктан улам анын омурткасы бир нече жерден сынып кеткен. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат.

Ал эми «SAAT.KG»  маалымат агенттигинин өздүк булактары билдиришкендей, 28 жаштагы кыз өз өмүрүнө кол салган. Ал бөлмөнүн терезесинен секирип жиберген.

Бөлүшүү